Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ушак тараткан кызмат адамдары кармалды

28.03.2020 14:39
847
Ушак тараткан кызмат адамдары кармалды


Милиция кызматкерлери такталбаган маалымат тараткан Панфилов районундагы эки аялды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, бул эки аял Панфилов районунда коронавирус жуктургандар бар экенин айтып, аны WhatsApp аркылуу таратып жиберишкен. УКМК менен Панфилов РИИБнын кызматкерлери тарабынан жалган маалыматты таратуучулар аныкталып, бири райондук ооруканада эсепчи, бири мектеп-гимназияда тарбиячы экени белгилүү болду. 


Милиция кызматкерлери жарандарды жалган маалыматтарды жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоону өтүнүүдө. Мындай жолго баргандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн