Коронавирус аныкталган 3 киши учурда клиникалык жетекчилик тарабынан дарылоо курстарын алып жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 19-мартта маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жаңы түшкөн 3 адамдан дагы анализ алынып, симптоматикалык дарылоо жүргүзүлүп жатат. Анализдери Ош шаарында тастыкталууда.
"Дарылоо шарттары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бекиткен протокол боюнча жана биздин кесипкөй эпидемиолог врачтардын сунуштаган жоболору боюнча жүргүзүлүп жатат", - деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн