Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирус: Жаңы алгоритм боюнча кантип дарыланабыз? Дарыгердин жообу

29.06.2020 16:36
1074
Коронавирус: Жаңы алгоритм боюнча кантип дарыланабыз? Дарыгердин жообу


Азыр дарыгерлер дистанциялык дарылоого өтүштү.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы клиникалык фармакологу, медицина илимдеринин доктору Аида Зурдинова "Биринчи радионун" түз эфирде билдирди. 


Анын айтымында, учурда коронавируска карата анализ тапшыруунун кажети жок. 


"Эпидемия учурунда тургундар оорунун белгилерин байкашса эле, анализ тапшырууга шашышат. Азыр анализ тапшыруунун зарылчылыгы жок. Ошондой эле, мурду бүтүп, тамагы ооруп калса эле антибиотик ичүүдө. Өз алдынча дарыланбагыла деп айтат элем, үйдө болуп, абалы боюнча күндөлүк жазыш керек. Анын жыйынтыгы менен дарыгерге телефон аркылуу маалымат берип, анын көрсөтмөсү менен дарылоо керек. Ооруканага келгенде вирусту күчөтүп алуу коркунучу бар", - деди Аида Зурдинова. 


Ал кандай гана оору болбосун күчтүү тамактарды ичип, суусундукту көп колдонуу керектигин айтты. 


Уктурууга ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова дагы катышууда. Алар тургундардын суроолоруна жооп беришүүдө. 


Саламаттык сактоо министрлиги айрым алгоритмдердин өзгөргөнүн билдирди. Эми жарандын дене табы 38 градустан ашып, пневмониянын белгилери байкалса, ал ПЦР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, атайын даярдалган ооруканага жаткырылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн