Коронавирус илдети аныкталган 26 адамдын кайсыл облустарда жашаары тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлады.
Ага ылайык, алардын тогузу Сузак районунда, экөө Ала-Бука районунда, сегизи Ош шаарында, бирөө Кара-Суу районунда жана алтоо Ноокат районунун тургундары.
Эске салсак, буга чейин Ноокатта 5, Сузакта 8, Бишкекте 2 жана Баткенде 1 адам коронавируска чалдыккан эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн