Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Коронавирус Жогорку Кеңеште: Жыйынга депутаттардын көбү келген жок (сүрөт)

24.06.2020 12:09
973
Коронавирус Жогорку Кеңеште: Жыйынга депутаттардын көбү келген жок (сүрөт)


Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселелерди бекитти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызманынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди. 


Маалым болгондой, түштөн кийин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 2019-жылга карата отчетун угуу күтүлүүдө. 


И.Нуракун уулу парламенттин жыйынынан жарыялаган сүрөттөн депутаттардын дээрлиги жок экендигин жана 30га жетпеген эл өкүлү отурганын көрүүгө болот. 


Буга чейин  Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталганы маалым болгон. Кийинчерээк ал Жогорку Кеңештин жыйындары түз эфирде көрсөтүлбөй турганын билдирген. Ошондой эле, парламенттеги 2 депутаттан жана Аппараттын 3 кызматкеринен дагы коронавирус илдети аныкталган. 



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
асан
жандары таттуулар келбептирда