Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Пандемиядан да пайда тапкан миллиардерлер

16.04.2020 17:39
1104
Пандемиядан да пайда тапкан миллиардерлер


COVID-19 пандемиясынын пайда болуусу менен азыр бүтүндөй өлкө экономикалык жактан жакырлана баштады. Айрым ЖМК жазып чыккандай, АКШ - 5,9%, Кытай – 1,2%, Германия – 7%, Италия – 9,1%, ал эми Кырызстандын экономикасы 4%га чейин төмөндөшү мүмкүн. Ушундай шартта коронавирус илдетинин кесепеттеринен тескерисинче пайда таап, аз убакыт аралыгында байыган ишкерлер да бар экен.

Алардын бири Amazonдун негиздөөчүсү Джефф Безос коронавирус инфекциясы жайыла баштагандан бери 24 млрд доллар киреше тапкан. Бизнесмендин байлыгы интернет-ретейлеринин акциясы кымабаттагына байланыштуу өскөн жана Amazon баалуу кагаздары 5,3 пайызга жогорулап, учурдагы абалы 138 млрд долларды түзгөн.


Ошондой эле, коронавирустун курчушу менен Дж.Безостун мурдагы жубайы Маккензинин байлыгы да 4 пайызга көбөйгөн.

Мындан тышкары коронавирус инфекциясынын пайда болуусу менен миллиардерлердин катарын кытайлык жаңы 10 ишкер толуктады. Алардын байлыгы бир жума ичинде 14,5 млрд долларга көтөрүлгөн. Бул ишкерлердин жарымынан көбүнүн бизнеси саламаттыкты сактоо тармагы менен байланышкан.


Жаңы миллиардерлердин бири Чжун Хуэйцзюань Hansoh Pharmaceutical дары-дармек өндүрүүчү компаниясынын негиздөөчүсү. Анын абалы 16,6 млрд долларга бааланып, байлыгы 16%га көбөйгөн .

Ооруканаларды медициналык жабдыктар менен камсыз кылуучу Mindray Medical International деп аталган ири компаниянын жетекчисии Ли Ситин 1,3 млрд киреше таап, байлыгы 11%га жогорулаган.

Tencent клиникасынын негиздөөчүсү жана башкы директору Ма Хуатэна медициналык технологиялар тармагында коронавирус илдетин аныктоо жана ага каршы вакцина издөө долбоорлору менен алектенет. Анын байлыгы 44,5 млрд долларды түзүп, бир жума ичинде кирешенин түшүүсү 1,1%га жогорулаган. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алтынбек
Булардын катарына жакында менда кошулам