Кулжа 17, 2025
Убакыт: 17:33
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Коронавирус аныкталган 12 адам жандандыруу бөлүмүндө

26.06.2020 11:05
1106
Коронавирус аныкталган 12 адам жандандыруу бөлүмүндө


Коронавируска кабылган жарандардын ичинен 12 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. 


Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, бүгүн, 26-июнга карата Кыргызстанда коронавирус оорусун жуктургандардын жалпы саны 4 миң 204 адамга жетти. Алардын ичинен 633 адам стационарда. Бүгүнкүгө карата 2 миң 162 адам оорудан айыккандан кийин ооруканалардан чыккан.


Үй карантинде 1 миң 366 адам бар. Аларда оору белгилери жок өтүп жатат. 


26-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 250 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 4204 учур болду. Каза болгондордун жалпы саны 43 адам. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн