Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коронавирус аныкталган Нурсултан Назарбаевдин абалы кандай?

19.06.2020 09:59
964
Коронавирус аныкталган Нурсултан Назарбаевдин абалы кандай?


Нурсултан Назарбаев аралыктан иштөөнү улантып жатат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай эл башынын абалы тууралуу маалымат берип жатып билдирди. 


Анын айтымында, тынчсызданууга негиз жок. 


«Эл башы аралыктан иштөөнү улантып жатат. Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бекитилген протоколго ылайык, биринчи президенттин башка адамдар менен болгон байланышуусуна чектөө коюлду. Балким эл башынын катышуусунда пландалган иш-чаралар онлайн форматта өтөт», - деди ал. 


Айдос Укибай бринчи президентке өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев да колдоо көрсөтүп жатканын айтып: «эл башы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, расмий адамдарды кабыл алды. Мындан тышкары ал ата мекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен маек курду. Учурда жарандар ошондой коомчулук эл башына ден соолук каалап жатышат», - деди. 


Буга чейин Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевден коронавирус аныкталганы маалымдалган. 


Назарбаев 6-июлда 80 жашка чыгат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн