Коронавируска каршы эч кандай дарылаган жок. Бул тууралуу “Алай” клубунун футболчусу Элхан Темирбаев "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.
25 жаштагы футболчунун айтымында, илдеттен коргонуу максатында беткап тагынып, жанында ар дайым антисептик алып жүргөн.
“Менде оорунун эч кандай белгилери жок! Эч жерим ооруган дагы жок. Баары жакшы Кудайга шүгүр. Дарыгерлерден сурасам симптому жок вирус дагы болот деп жатышат. Кайдан жуктурганымды өзүм дагы билбей калдым. Ашыкча эч жакка деле чыккан эмесмин. Командада балдар бир аз ооруп жатышкан, балким ошол жактан жугушу мүмкүн. Учурда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жатаканасына обсервацияга алып келип жаткырышты. Шарттары жакшы деп айтуу кыйын. Мени эч кандай дарылаган жок. Анын үстүнө менин эч жерим ооруган жок, жөн эле жатам. Эрте менен дарыгерлер температурамды текшерип кетишти, дене табым өз ордунда, 36 градус экен”, - деди футболчу.
Белгилей кетсек, Элхан Темирбаев 1995-жылы 2-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Жарым коргоочу “Дордой”, “Абдыш-Ата”, “Илбирс”, “Нефтчи” командаларынын катарында ойногон. Быйыл 2020-жылы Ош шаарынын “Алай” клубу менен келишим түзгөн. Футболчу Кыргызстандын улуттук курама командасынын жаштар курамында да ойногон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн