Коронавирус илдети аныкталган жаңы учурлардын бары контакта болгондор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда Ош облусу боюнча байланышта болгон адамдардын баары аныкталган.
“Бүгүн Ош облусунда 150 адамдан үчөөсү жаңы катталды. Ош шаарында 93 адамдын алтысы жаңы катталды. Алардын баары контакта болгондордун ичинен чыгып жатат. Учурда 12 жарандын анализи турат, бүгүн кечке баарынын анализдер чыгарылат. Ош облусунда катталган 150 адамдын 95и сырттан жуктуруп келген”, - деди Каратаев.
Ошондой эле, Ош шаарында Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген анализдерди да текшерилип жатканын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн