Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавирус ар бир тармактын алсыз жактарын ачыкка чыгарды, - Аида Исмаилова

28.05.2020 09:26
1444
Коронавирус ар бир тармактын алсыз жактарын ачыкка чыгарды, - Аида Исмаилова


Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да коронавирус инфекциясына байланыштуу абал ар бир тармактын алсыз жактарын ачыкка чыгарды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар менен видеоконференция режиминде сүйлөшүү учурунда билдирди.


Анын айтымында, социалдык блок татаал тилке болуп саналат, COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул тармак өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. Дүйнөлүк банк тарабынан маанилүү долбоорлор катарында социалдык блокту колдоо жаатында берилип жаткан көмөк сезилерлик болуп саналат.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Аида Исмаилова белгилегендей, саламаттык сактоо тутумунда токтоосуз чечимдерди талап кылган маселелер бар, анын бири – гепатиттен жабыркагандар үчүн дары-дармек сатып алуу. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн