Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавирус баланча, пневмония түкүнчө деген жомокту токтотуш керек

06.07.2020 14:41
2162
Коронавирус баланча, пневмония түкүнчө деген жомокту токтотуш керек

"Бизде коронавирус жок, эл пневмониядан эле өлүп жатат" - деген жомокту биринчи тажик коңшулар чыгарышты эле, анан өлгөн кишилердин мүрзөсүн полиэтилен пленка менен жаап,  "жаандан коргоп" деген экинчи жомокту айтып...  Аягы эмне болду?


Коронавирус баланча, пневмония түкүнчө деген жомокту биз да токтотушубуз зарыл. Жок дегенде өзүбүздү өзүбүз алдабайлы... сооротпойлу. Барынын оорусу бирдей, белгиси бирдей, дарылоосу бирдей...  Тесттер иштебей калды, анын үстүнө азыр тест тапшырган деле киши жок... Пневмония дегендер эле ооруканада 2 миңден ашып кетти, үйдө онтоп жаткандар канча экенин эч ким деле санаган жок...


Жөн эле пневмония дегенден улам вирустун кескин таркашына шарт түзүп жатабыз... Эл маиттерди  беймарал эле жууп, беймарал кепиндеп коюп жатышат... Эки айдан кийин суук түшөт,  калкыбыз түгөл өпкөсүнөн кагынып жатып калуусу да ажеп эмес...


Чындыкка тике карагандан өтөөрү жок деп ойлойм.


Эмилбек Каптагаев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн