Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Коронавирус банк, бала бакча жана базардагы адамдардан аныкталууда, - Үсөнбаев

08.06.2020 10:34
1073
Коронавирус банк, бала бакча жана базардагы адамдардан аныкталууда, - Үсөнбаев

Бишкек шаарында коронавирус илдети банк, бала бакча жана базардагы адамдардан аныкталууда. Бул туралуу 8-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


"Инфекциянын билинбеген булактары көбөйүп жатат. Шаар тургундарынан эрежелерди бузуу боюнча бидирүүлөр көп түшүүдө. Беткап, аралыкты сактоо боюнча тартиптер сакталбай жатат. Жаңы катталган 25 учурдун ону кайдан жуктуруп алганы белгисиз. Базарларда да көп кездешүүдө. Бала бакчалардын кызматкерлеринин арасынан чыгууда, банк кызматкерлеринен аныкталууда. Мындан улам сак болуп, санитардык эрежелерди сактаңыздар. Балдарды ойного чыгарганда да эпидемиологиялык шарттарды аткарыңыздар. Медицина кызматкерлери берген көрсөтмөнү аткарабасак эртеңки күнү кеч болуп калат. Кайдыгерлик кылбай карабай, ар бир жаранды жоопкерчиликтүү болууга чакырам", - дейт ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн