Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:39
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Коронавирус бар, бул дүйнөлүк пандемия, - Кубатбек Боронов

29.05.2020 15:07
788
Коронавирус бар, бул дүйнөлүк пандемия, - Кубатбек Боронов


Коронавирус бар, бул дүйнөлүк пандемия, деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында.

Анда штабдын мүчөлөрү “бүгүнкү күнү калк арасында коронавирус инфекциясы жок жана ал адамдардын жашоосуна жана саламаттыгына коркунуч келтирбейт” деген пикирлерди талкуулашты.

Вирус өлкөбүздө жайылып жатат жана беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-баттан жууп туруу, социалдык байланыштарды кыскартуу сыяктуу санитардык эрежелерди сактабай коюу ар бир адамдын өмүрү үчүн кооптуу. Коронавирус бар экендигин тануу – бул жоопкерчиликсиздик», - деди биринчи вице-премьер. 

Бишкекте коронавирусту жуктургандар көп аныкталып жаткандыгына байланыштуу оорунун белгилеринин бар-жогу тууралуу жашоочуларды кыдырып, сурамжылоо иштери уланууда. 

Республикалык штаб жарандарды илдеттин белгилери пайда болсо медицина мекемелерине кайрылууга жана өз алдынча дарыланбоого чакырат.

Ыкчам штаб талаптагыдай тартипти орнотуу, санитардык көзөмөлдөө жана төрөт үйлөрүндө жаңы көз жарган аялдардын саламаттыгы үчүн тийиштүү коопсуздук шарттарын түзүү боюнча тапшырмалар берилди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн