Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:22
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Коронавирус башталгандан бери чет өлкөдөн 6767 жаран кайтып келди

24.04.2020 08:49
1031
Коронавирус башталгандан бери чет өлкөдөн 6767 жаран кайтып келди


Азыркы учурда Кыргызстанга кайтып келүүнү каалган 4 миңден ашык жаран бар, деп билдирди Республикалык ыкчам штабдан. Алар Россиядан, Азиядан, Европадан, Африкадан жана АКШдан келе тургандар.



Ошондой эле буга чейин Россиядагы жарандардын көпчүлүк бөлүгү Россиянын токтотулуп калган каттамына авиабилеттерди алып алышкан.

 



Дүйнөдө коронавирус пайда болгон учурдан баштап Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын башка мамлекеттик органдарынын жардамы менен өлкөгө 6767 жаран кайтып келди. Алардын көпчүлүгү Россиядан, ошондой эле, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Египет, Таиланд, Кытай, Малайзия, Корея, Индонезия, Шри-Ланка, Вьетнам өлкөлөрүнөн келди.

 


Мындан сырткары, Москвадан келген каттам менен жарандар АКШ, Франция, Улуу Британия, Доминикана Республикасы жана башка мамлекеттерден келишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн