Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коронавирус белгилери билинген учурда өз алдынча ооруканага барбай, 103кө чалуу сунушталат

18.03.2020 11:04
937
Коронавирус белгилери билинген учурда өз алдынча ооруканага барбай, 103кө чалуу сунушталат


Биринчи жана экинчи категориядагы мамлекеттерден, анын ичинде транзит менен келгендер сасык тумоонун, курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын же коронавирустун белгилери билинген учурда дарыгерге чалуусу же 103 номери боюнча тез жардам чакыруусу зарыл. Өз алдынча бейтапканаларга же ооруканага баруу сунушталбайт, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы


Алгоритмге ылайык, коронавирус инфекциясы чыккан өлкөлөрдөн келген бардык жарандар эки категорияга бөлүнөт. Өлкөлөрдүн тизмеси дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн.


Төмөндө саналган өлкөлөрдөн келген Кыргызстандын бардык жарандары чек арачылардын, чек арадагы санитардык-карантиндик пункттардагы адистердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууга тийиш. 


Биринчи категорияга төмөнкү өлкөлөр кирген өлкөлөр: Кытай, Италия, Иран, Испания, Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Улуу Британия, Нидерланды, Норвегия, Австрия, Швеция, Бельгия, Дания.


Бул тизме 2020-жылдын 19-мартынан тарта иштеп баштайт. Бул өлкөлөрдүн тизмеси дүйнөдөгү эпидемиологиялык жагдайга байланыштуу өзгөрүп, кошумчаланып турушу мүмкүн.


Ошентип, биринчи категориядагы өлкөлөрдөн, анын ичинде транзит менен келген кыргызстандыктар атайын жайда 14 күндүк обсервациядан өтүүгө тийиш. Бул категорияга республиканын бардык жарандары: ID-карталардын, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорттордун ээлери кирет.


Экинчи категорияга коронавирус катталган өлкөлөрдүн баары кирет. 


Кыргызстандын экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген, анын ичинде транзит аркылуу учуп келген бардык жарандары 14 күндүк үй карантинине алынат. 


Медицина кызматкерлери саламаттыгы тууралуу сурап-билүү үчүн 14 күн бою күн сайын (үй карантини учурунда) бул жарандар менен телефон аркылуу байланышып турушат, деп кошумчаланат маалыматта.


Теги

103

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн