Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус коронавирус Кытайдан башка өлкөлөргө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыяланганын билдирди. Бирок, азырынча эл аралык каттамдар менен соодага чектөө киргизүүгө негиздүү себептер жок дейт.
Бүгүнкү Кытайдан чыккан коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 9692ге жетип, 213 адам көз жумуптур. Бул тумоо Кытайдан башка Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн