Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирус боюнча коргоочу каражат, дары-дармектер 188,8 млн сомго сатылып алынган

27.04.2020 17:36
998
Коронавирус боюнча коргоочу каражат, дары-дармектер 188,8 млн сомго сатылып алынган


Коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абалда республика боюнча жеке коргоочу каражаттар, дары-дармек жана башка керектүү чыгымдар үчүн 188,8 млн сом сарпталды.


Саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала маалыматтарына ылайык, региондор боюнча кошкондо:


Ош облусу жана Ош шаары – 46,1 млн сом,
Жалал-Абад облусу – 63 млн сом,

Баткен облусу – 6,2 млн сом,
Нарын облусу – 13,6 млн сом,
Талас облусу – 3,5 млн сом,
Чүй облусу – 12,9 млн сом,
Ысык-Көл облусу – 8,1 млн сом,
Бишкек шаары – 35,2 млн сом.

188,8 млн сомдун ичинен 156,1 млн сомго жеке коргоочу каражат сатып алууга жана 32,7 млн сом дезинфекциялоо иштери үчүн концентраттарга сарпталды.

Алсак, 2020-жылдын 26-апрелге карата саламаттыкты сактоо уюмдарында төмөнкү ЖККнын калдыгы бар:

бир жолу колдонулуучу костюмдар – 46 523 даана;
көп жолу колдонулуучу костюмдар – 20 797 даана;
респираторлор – 58 475 даана;
бир жолу колдонулуучу беткаптар – 1 110 613 даана.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, саламаттыкты сактоо уюмдарынын болжолдуу муктаждыгына карата бир айга 231,6 миң коргоочу костюмдар керектелет, саламаттыкты сактоо уюмдарындагы калдыктарды эске алганда дагы кошумча 184,7 миң бир жолку коргоочу костюмдар керек болот, ал эми 128 миң респиратор, бир жолу колдонулуучу беткаптар жетиштүү санда.

Бүгүнкү күндө бейтаптар жана байланышта болгон адамдар менен иштеп жаткан саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн бир айга 72 546 бир жолку колдонулуучу костюмдар жана 70 миң респиратор керектелет, алардын ичинен FFP3 жана FFP2 даражасы жогорулатылган коргоо респираторлорунан 32 400 даана болушу керек”, - деп билдирди ММКФ.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн