Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан аял кармалды

16.03.2020 11:08
798
Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан аял кармалды

Коронавирус Кыргызстанга да келгендиги жөнүндө жалган маалымат тараткан 27 жаштагы аял кармалды. Бул туурлуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде Бишкек шаарында жалган маалымат таратуу боюнча 1 факты катталган.

Биринчи Май РИИБнин кызматкерлери коронавирус Кыргызстанга да келгендиги жөнүндө жалган маалыматты Instagram социалдык тармагы аркылуу тараткан аял кишинин өздүгүн такташты. Ал Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы жашоочусу болуп чыккан. 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн