Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирус бул жашыра турган оору эмес, - Казакбаев

22.06.2020 14:29
1074
Коронавирус бул жашыра турган оору эмес, - Казакбаев

 

Коронавирус илдети бул жашыра турган оору эмес, ким дартты жуктуруп алса ачык айтышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.


Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн COVID-19 инфекциясына тапшырган анализдери чыга элек.


“Учурда менин жана башка депутаттардын коронавируска тапшырган ПЦР анализинин жыйынтыгы чыга элек. Айрым эл өкүлдөрү өз алдынча, эртерээк тест тапшыргандардын жыйынтыгы чыгыптыр. Брифингде Саламаттыкты сактоо министри депутаттардан чыкты, бирок кимдер экенин айта албайм дептир. Менимче коронавирус илдети бул жашыра турган оору эмес, ким дартты жуктуруп алса ачык айтышы керек. Себеби ооруган киши менен байланышта болгон кишилер аны билип, ошого жараша дарыгерлерге кайрыла алышат”, - деди Казакбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн