Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 21:24
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Коронавирус чыккан аймакка бараткан дарыгерлерге өзүңөргө тамак-аш алгыла деп айткан эмеспиз, - министрлик

24.03.2020 18:42
603
Коронавирус чыккан аймакка бараткан дарыгерлерге өзүңөргө тамак-аш алгыла деп айткан эмеспиз, - министрлик


Кыргызстандын коронавирус чыккан аймактарына бара жаткан дарыгерлерге өзүнөргө тамак-аш алып алгыла деген талап коюлууда деген маалымат жалган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирүү менен чыкты. 

 

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова дарыгерлер азыр өлкөнүн башкы ресурсу экенин андыктан баардык каражаттар менен камсыздалууда деди. 


“Интернетте пайда болгон Ош жана Жалал-Абад облустарына бригада менен жөнөтүлүп жаткан медиктерди өзү менен кошо кургак тамак-аш жана коргонуучу кийим камдап алууга талап кылышууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Медицина кызматкерлеринин биримдигин бузууга багытталган маалыматтарды тараткандар аныкталып, кийинки чараларды көрүү үчүн тийиштүү органдарга берилет. Биздин медиктер – биздин жарандарыбыздын өмүрү жана ден соолугу үчүн күрөшүүдө өлкөнүн башкы ресурсу, биз аларды урматтайбыз, баалайбыз жана бардык керектүү каражаттар менен камсыздап жатабыз”, - деди Айнура Акматова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн