Бир сутка ичинде өлкө боюнча 105 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
• Бишкек шаарында – 25;
• Чүй облусунда – 13;
• Ош шаарында – 19;
• Ош облусунда – 14;
• Жалал-Абад облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 21;
• Ысык-Көл облусунда – 8;
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер
арасында – 1980 учур катталды, алардын ичинен 576 медкызматкер стационарлардан
айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн