Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 7;
Ош шаарында – 3;
Ош облусунда – 1;
Чүй облусунда – 9;
Талас облусунда – 1.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды. Муну менен
илдеттен сакайгандардын жалпы саны 403кө жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин
арасында – 669 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн