Республика боюнча дагы 21 медицина кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-июндагы брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 12, Баткен облусунда – 2 жана Талас облусунда – 1 медиктен илдет табылган.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылган. Муну менен жалпы айыккандардын саны 367 медкызматкерге жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 495 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн