Бир сутка ичинде өлкө боюнча 96 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
• Бишкек шаарында – 42;
• Чүй облусунда – 18;
• Ош шаарында – 7;
• Ош облусунда – 4;
• Жалал-Абад облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 5;
• Ысык-Көл облусунда – 9;
• Талас облусунда – 6.
Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн