Өлкөбүздөгү өзгөчө абал убагында медицина кызматкерлери күнү-түнү тынбай,чарчадым-чаалыктым дебей иштеп жатат. Алар коронавирус оорусуна чалдыккандардын сакайып кетиши үчүн өздөрүнүн саламаттыгын тобокелге салып турат. Аларга мамлекет материалдык жана моралдык жактан кандай гана колдоо көрсөтпөсүн, биздин коом жана эл медицина кызматкерлеринин алдында өмүр бою карыздар болобуз.
Мына ушул күндөрү биз өлкөбүздүн саламаттыкты сактоо системасы өтө терең реформаны талап кыла турганын түшүндүк. Албетте, бул кризис көптөгөн кыйынчылыктарды алып келет. Бирок, ар кандай кыйынчылыктан сабак алууга болот. Балким, дал ушул кризистин арты менен биз саламаттыкты сактоо системасын жаңылоого, реформалоого көбүрөөк күч жумшап калаттырбыз. Себеби, коронавирус пандемиясы пайда кылган кризис – мамлекеттин негизги бакубат жашоосу өтө чоң ресурстардын бардыгында эмес, улуттук саламаттыкты сактоо системасы болуп санала турганын көрсөттү.
Биздин саламаттыкты сактоо системабыз экстремалдык кырдаалдарда алдына коюлган тапшырмаларды өз алдынча чечүүгө даяр эмес экендиги билинди. Ошол эле убакта биздин мамлекет бюджеттик каражаттардын тартыштыгынан улам түзүлгөн кырдаалдарда саламаттыкты сактоо системасынын уюштуруу, финансы-техникалык муктаждыктарын толугу менен камсыздап бере албастыгын билдик.
Анан дагы улуттук коопсуздук системасынын тиешелүү сегменттери мамлекет жетекчилигине жылып келе жаткан биобактериологиялык коркунучту алдын-ала эскерте алган жок. Натыйжада мамлекет да буга даяр болбой калды.
Албетте, бардык нерсе келип каражатка такалат. Саламаттыкты сактоого кеткен чыгым мамлекеттин ИДПсынан процент менен көрсөтүлөт. Ачык булактарга таянсак, 2019-жылы Кыргызстандын ИДПсы 590 миллиард сом болсо, анын 6,6%ы же 38,94 млрд сом саламаттыкты сактоо системасынын үлүшү болгон. Демек, бул тармак бизде экономикалык драйвер болуп саналбайт.
Ошол эле убакта саламаттыкты сактоо министрлигинин өткөн жылдагы бюджети 1,623 млрд сом, милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун бюджети 10,85 млрд сом болгон. Эгерде 2019-жылы мамлекеттик бюджет 167,615 млрд сом болгонун эске алсак, анда мамлекет саламаттыкты сактоо системасына 12,47 млрд сом же мамлекеттик чыгымдардын 7,44%ын багыттаган. Муну калктын ар бир жанына эсептегенде жылына болгону 1,918 миң сомдон туура келет. Бул албетте өтө аз. Өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы АКШда саламаттыкты сактоо системасынын жылдык үлүшү 3,6 триллион долларга жетет. Ошого карабастан, ал жакта учурда коронавирус өтө тездик менен тарап жатканы белгилүү. Балким, мындай жагдай АКШда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы асман чапчыганы менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Коронавирус пандемиясы алып келген глобалдуу кризис Кытай, Корея жана Германиянын саламаттыкты сактоо системасы көбүрөөк эффективдүү экенин далилдей алды. Демек, биз мына ушул мамлекеттердин саламаттыкты сактоо системасынан кандайдыр бир үлгү алышыбыз керек болуп жүрбөсүн?
Мисалы, Германияда калктын 100%ы медицианлык камсыздоого ээ. Анын 90%ы мамлекет тарабынан, 10% жеке жактардан камсыздалган. Бул мамлекетке башка мамлекеттерден келип, дарылангандардын саны да арбын. Себеби дүйнөдөгү эң жакшы медицина – бул немецтик медицина деген пикир бар. Медициналык практика туруктуу илимий иликтөөлөр менен байланыштуу, Германияда көптөгн медициналык университеттерде мындай иликтөөлөр жүрүп турат. Мамлекет андай иликтөөлөрдү каржылап турат. Бир нече жылдардан бери карай Германиянын медицинасы реабилитация, профилактикалык иликтөөлөр, кардиология, кардиохирургия багыттары боюнча алдыңкы позицияда.
Германия саламаттыкты сактоо системасынын 90%ын мамлекеттик бюджеттен каржылоо менен бул тармакты улуттук экономиканын локомотивине да айландыра алган. Себеби, бул мамлекетке барып дарылангандар, ал мамлекеттен чыгарылган дары-дармектерди сатып алгандар өтө көп.
Андыктан биз дагы саламаттыкты сактоо системасына олуттуу көңүл буруп, дары-дармектерди чыгарууну, заманбап медициналык жабдууларды чыгарууну колго албасак, бул тармакта өзгөрүү болушу кыйын.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн