Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Коронавирустун күчөгөн учурунан өттүк, азыр вирус басаңдап жатат, - Каратаев

25.08.2020 12:06
914
Коронавирустун күчөгөн учурунан өттүк, азыр вирус басаңдап жатат, - Каратаев

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын күчөгөн учуру 13-июлдан 19-июлга чейин катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-августтагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, учурда өлкөдө эпидемиялогиялык абал туруктуу жана вирус басаңдап бара жатат.


“Коронавирус менен эң көп катталган учурлар 13-июлдан 19-июлга чейин катталган. Ал эми, ПЦР-анализ боюнча изилдөөдө акыркы жуманын ичинде жалпы 8718 учурдун ичинен тастыкталган учурлар 4,8%ды түзгөн. Болжолдуу натыйжалуу репродуктивдүү саны катары бир адамдын жуктуруу мүмкүнчүлүгү 0,8ге барабар.


Ал эми, облустар аралык динамика боюнча Жалал-Абад жана Баткен облустарында жугуу темпи дагы деле жогору бойдон калууда. Динамика жакшырганы менен, кооптонуу бар. Тилекке каршы, кайрадан оору жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт”, - деди Каратаев.

 

Ошондой эле ал беткап тагуу, колду самындап жууп туруу, антисептик колдонуу жана социалдык аралыкты сактоого чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн