Бугу 05, 2024
Убакыт: 08:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Коронавирус эпидемиясы - Кыргызстанды өзгөртүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк

17.04.2020 11:55
1087
Коронавирус эпидемиясы - Кыргызстанды өзгөртүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк


Дүйнө жүзүнө, анын ичинде Кыргызстанга да өзгөчө кооптуу жагдай түзүп турган COVID-19 пандемиясы биздин мамлекеттин тагдырын, келечегин таптакыр жаңы нукка бура алышы мүмкүнбү? Ооба, коронавирус ансыз да мактана албай келген экономикабызга өтө эбегейсиз оорчулук келтирди. Жарандардын жашоосуна да олуттуу терс таасирин тийгизүүдө. Бул абал дагы канчага созулары да белгисиз. Эгер узакка созулуп кала турган болсо, анда азыркы учурда өлкө экономикасы тарткан чыгымдар жөн гана башталышы болуп калышы мүмкүн. 


Ошону менен бирге эле бул илдет узак убакыттан бери бышып калган терс процесстерди ачыкка чыгарды. Пандемиядан кийин аалам алкагында жаңы бурулуштар, жаңыча көз караштар пайда болушу күтүлөт. Экономикалык жана саясий мамилелер, байланыштар таптакыр жаңы нукта “модернизациялануулары” толук мүмкүн.  


Коронавирус көпчүлүк КМШ мамлекеттерине караганда кеч келди. Ошого карабастан мамлекетибиз эпидемияга даяр эмес экендигин бир айга жетпеген убакытта эле көрсөттү. Кытай менен чектеш экенибиз жана саламаттыкты сактоо системасынын реалдуу абалын бийлик да жакшы түшүнүп, өлкөбүздө коронавирус илдетин жугузуп алган биринчи учур катталганга чейин эле кыймылдай башташкан. Антикризистик топ катары Республикалык штаб түзүлгөн, аткаминерлер маал-маалы менен өздөрүнүн жасап аткан иштери тууралуу рапорт берип турушту. Бирок, жыйынтыгында эмне болду? Медицина кызматкерлери үчүн өз убагында жетишерлик санда жеке коргоочу каражаттар алынбаганы, күмөндүү тест-системалардын сатылып алынганы, реагенттердин жетишсиздиги ачыкка чыкты. Тобокелчилик деңгээли жогору делген мамлекеттерден келгендерди тийиштүү деңгээлде көзөмөлгө алуу да болбоптур. Алар менен контактта болгондорду да аныктоо да оорчулук жаратты. 


Ушунун өзү мамлекеттик башкаруунун ички системасында сапаттуу аналитикалык коштоолор жана божомолдоолор жок экендигинен кабар берет. Тигил же бул кырдаалдын өнүгүшүнө жараша бийликтин колунда аракет кылуунун даяр сценарийлери бар экенине да ишеним жок. Негизи эле кыргыз өкмөтү коронавируска чейин эле башынан көпчүлүк чечимдерин кечигип кабыл алат. Образ менен айтканда, өрттү болтурбоо аракетин эмес, өрттү өчүрүү аракетин жасашат.  


Мунун баары башынан эле белгилүү болчу. Коронакризис аны дагы бир жолу далилдеди. Ар кандай тобокелчиликтерге мамлекеттик башкаруу системасынын деңгээлинде даярдыктар жок экендигин көрдүк. Мындай программа мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн программалардын биринде да жок экендиги, кайсы бир стратегиялык документтерде да болбогондугу ашкере болду. Ошондон улам мамлекетте кризистен чыгуу үчүн ачык түшүнүк жок. Бизнести колдоо үчүн кандай оптималдуу чаралар көрүлө турганы, саны өсүп жаткан жумушсуздук сыяктуу көйгөйлөрдү кантип чечери тууралуу эч кандай планы жок. Ошонун баарын бүгүн “тизелеп” отуруп алып чечүүгө туура келүүдө. Болбосо, мындай кырдаалга өкмөт даяр турушу керек эле, жөн гана иштелип чыккан жана эсептелген аракеттин пландарына аздыр-көптүр оңдоолорду киргизүү менен алек болсо, алда канча жеңил болмок. 


Азыр баары экономикалык кризистен чыгуунун жолун издөө менен гана убара. Бирок, азыр экономика жөнүндө гана ойлонуп отурбаш керек. Коронавирус менен чогуу өлкөбүзгө кирип келген реалдуулук мамлекеттик башкаруу системасында өтө терең өзгөрүүлөр жасалышы талапка ылайыктыгын көрсөттү. Ал ар кандай күтүүсүз жана стандарттуу эмес чечимдерди ыкчам кабыл алууга жөндөмдүү жана эффективдүү болушу шарт. 


Ар кандай гениалдуу демилгелер, ошол эле экономика жаатында дагы бюрократиялык системанын айынан туулбай жатып туна чөгүп калуу коркунучунда болуп келет. Ушул эле коронавирусту өлкөбүздө мынчалык коркунучтуу абалга кептебей тургандай алдын-алуу иштерин жасоого болот эле. Андай иштерди жасай албаган өкмөт күнөөнү кайра врачтардын мойнуна түртө салуу аракетин көргөндөй болду. Мындай аракетинин арты менен өкмөт кырдаалды туруктуу абалга алып келүүнү ордуна, өздөрүнүн дарегине айтылган сын-пикирлердин кезектеги порциясын алып тынды. 


Албетте, азыр күнөөлүүлөрдү издеп отура турган убакыт эмес. Алдыда коронавирус илдетин жоюу  милдети турат. Ошону менен катар эле бул илдеттен кутулгандан кийин мамлекетти кандай нукта өнүктүрөбүз, кандай сабактарды алабыз деген суроонун үстүндө да иштөө талапка ылайык болуп турат.


Канатбек Аскаров


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн