Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:33
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Коронавирус илдети Туркия, Ямайка жана Боливияга жетти

11.03.2020 09:27
1138
Коронавирус илдети Туркия, Ямайка жана Боливияга жетти


 

Туркияда коронавирус илдетине чалдыккан алгачкы адам катталды. Дартка чалдыккан жаран эркек киши жана ал жакында эле Европадан кайтып келгенин, Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожо жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирип чыкты.

 

Ошондой эле, дүйнө элинин үшүн алган оору Ямайкада да катталганын өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди. Бейтап Улуу Британиядан жакында эле өлкөсүнө кайтып барган аял киши. Ал өзү ак халатчандарга кайрылып, дарыланууга жаткырылган.

 

Мындан сырткары, Боливиянын бийлик өкүлдөрү коронавирус дартына чалдыккандар катталганын билдиришти. Бейтаптар Европадан кайтып келген эки жаран экенин Саламаттыкты сактоо министри Анибала Круса кабарлады.

 

Учурда дүйнөдө коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны 116 миңге жакындаса, каза болгондор 4 миңден ашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн