Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 02:23
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Коронавирус канча температурада жок болорун франциялык окумуштуулар аныкташты

17.04.2020 11:34
1133
Коронавирус канча температурада жок болорун франциялык окумуштуулар аныкташты


Франциянын Прованс университетинин илимпоздор тобу, коронавирус илдети 92 градус ысыкта 15 мүнөттүн ичинде толугу менен жок болорун билдиришүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Изилдөөнүн жүрүшүндө окумуштуулар коронавирусту бир саат аралыгында 60 градус ысыкта кармаган, натыйжада анын айрым калдыктары кайрадан көбөйүүгө жөндөмдүү болгон. Ал эми коронавирусту толугу менен жок кылуу үчүн 92 градус ысыкта 15 мүнөт кармашкан.


Франциялык илимпоздор изилдөөнү Германиядагы бейтаптан алынган штамдан коронавирусту жугузган жашыл маймылдын бөйрөгүнүн клеткаларына жүргүзгөн. Инфекцияга кабылган клеткаларды экиге бөлүп: биринчисин таза айланага, экинчисин жаныбарлардын тазаланбаган шарттагы белокторуна аралаштырышкан.


Таза айланадагы вирусту стандарттык түрдө ысыткан учурда, дарт толугу менен залалсыз болгон, ал эми тазаланбаган бөлүгүндө айрым вирустар калып калган. Окумуштуулар стандарттык залалсыздандыруу вирус анча курчуй элек учурда оң натыйжа берерин, ал эми өрчүп кеткен учурда вирусту жок кылууга бул жетишпейт деген пикирге келишкен.


Эксперимент жүргүзгөн адистер, изилдөөнүн жыйынтыгы вирусту жуктуруп алгандар менен түздөн-түз күрөшүп жаткан дарыгерлер, бейтаптардын протоколдорун туура тандап ооруну жуктуруп алуудан сактануусуна көмөктөшөт деген пикирин билдиришкен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн