COVID-19 вирусун жуктуруп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон төлөнүп бериле элек. Бул тууралуу 29-апрелде болгон брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
Анын айтымында убадаланган каражаттар атайын комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен гана берилет.
"200 миң жана 1 млн сом төлөмдөрү боюнча атайын комиссия иштеп жатат жана анын чечиминен кийин гана акча каражаты төлөнүп берилет. Бүгүнкү күнгө чейин эч кимге төлөнүп бериле элек", - деди Исмаилова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн