Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирус илдетин жуктургандар Казакстанда 109 адамга жетти

26.03.2020 16:33
745
Коронавирус илдетин жуктургандар Казакстанда 109 адамга жетти

 

Казакстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандар 109 адамга жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.


Маалыматка ылайык, саат 16:20га карата Нур-Султан жана Алмата шаарларында жаңы жагдайлар катталды.


Учурда илдетке чалдыккандар, Нур-Султанда 61, Алматада 40, Караганда шаарында 2, Алмата облусунда 1, Актобе облусунда 1, Шымкентте 1, Жамбылда 1, Түндүк Казакстан облусунда 1 адам экени кабарланат.

 

Эске салсак, 25-мартта Казакстанда илдетке чалдыккандардын саны 80 адамга жеткен болчу. Коронавирус илдетине дүйнөдө 420 миңден ашык адам чалдыкканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабарлады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн