Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавируска чалдыккан медиктер: Казакстан сап башында, Кыргызстан тизменин аягында

15.04.2020 15:01
1904
Коронавируска чалдыккан медиктер: Казакстан сап башында, Кыргызстан тизменин аягында


Дүйнөдө коронавирус илдетине жүз миңдеген медицина кызматкерлери чалдыгып, миңдеген ак халатчан өмүр сакчылары каза болуп жатат. Каптаган пандемия Кыргызстанды да кучагына алып, COVID-19 вирусун жуктурган медиктердин саны өсүүдө.


Дарыгерлер медициналык коргоочу атайын костюмдар менен коргонгонуна карабай илдетти жугузуп алууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда медицина тармагына тиешеси бар 99 адам коронавируска  чалдыккан.  Белгилей кете турган нерсе, булардын ичинен жыйырма жетиси врач, калгандары ушул тармакта тейлөөчү кызматкерлер.


Аларды аймактарга бөлө келгенде төмөндөгүдөй:

Бишкек шаарында – 33;

Ош шаарында – 28;

Жалал-Абад облусунда – 8;

Ош облусунда – 20;

Баткен облусунда – 2;

Чүй облусунда – 1;

Нарын облусунда – 6.


Дарыгерлер өздөрү коронавируска чалдыккан учурлар Кыргызстанда эле эмес башка өлкөлөрдө да чоң маселе жаратууда.   Чынында азыр илдетке чалдыккандар күн санап көбөйүп жаткандыктан, коронавируска кабылган дарыгерлердин дүйнөдөгү так санын айтуу кыйын. Андыктан интернет айдыңындагы ачык маалыматтарды колдонуп тапканыбызды сунуштайлы.  


Мисалга ала турган болсок, илдетти жуктурган дарыгерлердин пайыз менен алганда эң көп көрсөткүч коңшу Казакстанда, ооругандардын 21 пайызын дарыгерлер түзөт.

 

Казакстанда 1267 адам дартка чалдыккан, алардын 21%ы дарыгерлер.

Италияда 162 миң 488 бейтаптын 20%ы дарыгерлер. 

Украинада 3372 бейтаптын 17,6%ы ак халатчандар.

Испанияда 26 миң 672 дарыгер ооруну жуктурган, бул 174 064 кишинин 15,3%ын түзөт.

Өзбекстанда вирусту жуктурган 1214 адамдын 10%ын дарыгерлер түзөт. Бир эле Анжиян облусунда 90 оорулуунун 78и медицина кызматкери болуп саналат.

Кыргызстанда 449 бейтаптын 27си же 6.01%ы дарыгер.

Германияда 132 миң 210 бейтаптын 4%ы дарыгерлер.

Кытайда 83 миң 351 бейтаптын 2,2%ы дарыгерлер.


Коронавируска кабылган дарыгерлердин катары да күн санап көбөйүп бара жатат. Адистер алардын вирусту жуктуруп алуусунун башкы себептери катары төмөнкүлөрдү айтышат: 


1) Дарыгерлердин дартты жуктуруп алуусунун башкы себеби, алардын айланасында вирустун көп чогулушу.


2) Дарыгерлер илдетке чалдыккандардын жанында көп жүрөт жана жөн гана жуктуруп алуу эмес, вирустарды да көп кабыл алат.


ДССУнун маалыматы боюнча Кытайдын Ухань шаарында коронавирустун симптому жок бейтапка операция жасап, натыйжада 14 дарыгер вирусту жуктуруп алган. Себеби, илдет бир нече күн организмде  билинбей жүрө берген.


Коргонуудагы көйгөйлөр


Дарыгерлерге пандемия жаңы каптап жатканда керектүү коргонуучу каражаттар жетиштүү берилген эмес.  Мисалы медициналык беткаптарды өз учурунда өндүрбөй ак халатчандарды коопту абалга алып келгени үчүн Франция өкмөтүн дарыгерлери сотко берген.


Ал эми Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин бирикмесинин аткаруучу директору Нил Диксон коргоонуучу каражаттардын жоктугу бийликке болгон ишенимди жоготконун жарыялаган.


Кыргызстанда буга чейин  Бектур Апышев аттуу дарыгер социалдык тармактагы баракчасына, сапатсыз беткап таратылып жатканын жана мындай шартта дарыгерлер илдетти жуктуруп аларын айткан. Андан көп өтпөй эле Апышев аларга берген беткаптардын сапаты жакшы экенин, ал туура эмес маалымат айтканы үчүн кечирим сурарын билдирип,  видео кайрылуу менен чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн