Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:30
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Коронавирус илдетине чалдыккандардын саны сутка ичинде 2223 адамга көбөйдү

05.03.2020 13:19
1976
Коронавирус илдетине чалдыккандардын саны сутка ичинде 2223 адамга көбөйдү


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) соңку 24 саат ичинде  коронавирус илдети боюнча  2223 жаңы жагдайды каттады. Алардын жүз жыйырмасы Кытайдан аныкталган. Бул тууралуу ДССУнун маалыматтык бюллетенинде жарыяланды. Демек, Кытайдан башка жакта илдетке 2103 адам чалдыккан.


Маалыматка ылайык, дүйнө боюнча илдетке чалдыккандардын саны 93 090го жетти, алардын 80 422си Кытайда болсо, 12 668 жагдай башка өлкөлөрдө. Мекеменин таратканда ооруга чалдыккандардан 2984ү Кытайда, 214ү башка өлкөлөрдө каза тапкан.


2019-жылдын декабрь айынын соңунда Кытайдын Ухань шаарында катталган бул дартты ДССУ маштабдуу деп таап, Дүйнө жүзү боюнча өзгөчө кырдаал киргизген. Кытайдан сырткары вируска чалдыккандардын саны Түштүк Корея, Иран жана Италияда көп кездешүүдө. 

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Абайлайлы
Коронавирус бизге келсе кырылып кетебиз го чиркин...
Медет
коронавирус кыргызстанга келбейт Арыстан алай айтты го
Аноним
Мен
Кудай өзү сактасын биздин өлкөнү!
оке
омийин жараткан озу сактаган болсун