Бир сутка ичинде ооруканадан 73 бейтап коронавирустан айыгып чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, кайталап алынган анализден COVID-19дун терс көрсөткүчү чыккан.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 30;
Чүй облусу – 13;
Ош шаарында – 20;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 7.
Республика боюнча жалпы 2443 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн