Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 12:20
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Коронавирус качан пайда болгон?

10.06.2020 11:51
1185
Коронавирус качан пайда болгон?


Гарвард медициналык мектебинин илимпоздору коронавирус алгач ирет табылган Кытайдын Ухань шаарындагы беш оорукананын автоунаа токтоочу жайларынын 2019-жылдын августунан декабрына чейин спутниктен тартылган сүрөттөрүн 2018-жылдын ошол эле мезгилине салыштыруу менен дүйнөгө дүрбөлөң салган эпидемия ноябрда эмес август айында башталган деген божомолдорду айтышууда. Жогоруда аталган мезгилде унаа токтоочу аянтчаларда автомобилдердин кескин көбөйгөндүгү байкалган. Изилдөөлөрдүн автору Джон Браунштейн “Көптөгөн адамдар COVID-19 жарыяланганга чейин эле тынчсыздана баштаган” деп Эй-би-сиге билдирген.


Арийне, Кытай бул изилдөөлөр боюнча айтылган божомолду абсурд деп эсептейт. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чунин изилдөөлөрдүн натыйжасын кескин сынга алды. Ал эми эксперттер бул изилдөөлөр боюнча азырынча өз бааларын берише элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн