Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Коронавирус: Өкмөт көп адамдын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөөгө чакырды

10.03.2020 15:18
967
Коронавирус: Өкмөт көп адамдын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөөгө чакырды


Кыргыз Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.


Жыйындын жүрүшүндө 10-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталбаганы, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экени айтылды. Ошондой эле бүгүнкү күндө 104 өлкөдө коронавирустун чыкканы аныкталып, вирус 109 миңден ашык адамга жукканы да кабарланды.


Буга байланыштуу Республикалык штаб коронавирус инфекциясын алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында жакын арада көп сандагы адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөй туруу боюнча катуу эскертүүлөрдү берүү чечимин кабыл алды. 


Ошондой эле, жыйында штабдын мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлигинин бардык профилактикалык чаралары жана сунуштары баарынан биринчи жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана саламаттыгын сактоого багытталганын белгилешти. 


Жыйындын аягында штабдын мүчөлөрү бардык жарандарды эстүүлүктү көрсөтүп, медицина кызматкерлеринин жана Республикалык штабдын сунуштарын, ошондой эле өздүк гигиена эрежелерин толук аткарууга жана балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн