Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Бишкекте жылуулук берүү өчүрүлбөйт

16.03.2020 14:02
765
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Бишкекте жылуулук берүү өчүрүлбөйт


Бишкек шаарында жакынкы күндөрү жылуулук берүүнү токтотуу каралган жок. Бул тууралуу шаардык мэриянын турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Мирлан Амантуров "media-center" мультимедиялык маалымат-агенттигине билдирди.


Анын айтымында, келээрки жумада абанын температурасы төмөндөп, туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Буга байланыштуу жылуулук берүү токтотулбайт. 


"Ошондой эле коронавирус боюнча азыр абал кооптуу болуп жатканын эске алып, шаарда жылуулукту өчүрбөй турганыбыз оң. Себеби дегенде 50-70 жаштагы карыларыбыз бар, алар суукта үшүп калса ооруп калуусуна кооптонуу жогору болот", - дейт вице-мэр.


Анын айтымында, учурда билим берүү мекемелери каникулга таратылгандыгына байланыштуу мектептерде жылуулук берүү токтотулду. 


Ал кошумчалагандай, келерки дүйшөмбүдө жылуулук берүү мекемелеринде жолугушуу өтөт, анда ушул маселелердин тегерегинде талкуу болот жана тиешелүү чечимдер кабыл алынат.


Белгилей кетсек, жылуулук берүүнүн тартиби боюнча абанын температурасы 5 күн катары менен 8 градустан жогору болсо өчүрүү тууралуу жарлык чыгарууга негиз болот.   


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн