Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Коронавирус кош бойлууларга кандай таасир тийгизет? Профессордун жообу

28.07.2020 12:14
501
Коронавирус кош бойлууларга кандай таасир тийгизет? Профессордун жообу


Коронавирус кош бойлуулардын 11-12 жумасына чейин кооптуу болот. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян университетинин акушерлик жана гинекология кафедрасынын профессору Арсен Аскеров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Анын айтымында, кош бойлуулар COVID-19 менен ооруп бүткөндөн кийин кан жоготуп, боюнан түшүп калган учурлар болууда. 


"Эгер кош бойлуу аял 11-12-жумага чейин коронавирус инфекциясына кабылса жана оору бир жумадан ашып кетсе түйүлдүк түшүп калышы мүмкүн. Ал эми 12 жумадан кийин түйүлдүктүн тонунда коргоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ага жугуу коркунучу азыраак, ошондуктан тон аркылуу жугуу учурлары аз. 12 жумадан кийин ооруган энелердин балдары 99% аман-эсен төрөлөт", - дейт профессор. 


Арсен Аскеров белгилегендей, ымыркай төрөлгөңдөн кийин ага коронавирус жугуп калуу коркунучу бар. 


"Эгер жаңы төрөгөн эне коронавирус менен ооруп жаткан болсо, анда беткап кийип, тазалыкты сактап, болушунча коргонушу керек.  Мындай учурда эмчек эмизүү токтотулбайт. Эгер эне коронавирустун оор түрү менен ооруган болсо, дем алуусу начарлап калса, анда ымыркайды алып кетебиз, өзүнчө багабыз. Ал эми энесине реанимациялык жардам берилет", - деди Арсен Аскеров. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн