Акыркы сутка ичинде эле коронавирус илдетинин жаңы 306 учуру катталып, 4 адам каза тапканы белгилүү болду. Ырасын айтканда, акыркы күндөрү вирус улам күч ала баштады. Андан каза тапкан адамдар да күнү кур болбой жатат. 19-апрелде 212 жаңы учур катталса, 6 адам каза тапты. 18-апрелде 244 жаңы учур катталса, 3 адам өмүрү менен кош айтышты. 17-апрелде 265 жаңы учур катталып, 2 адам көз жумду. 16-апрелде 230 жаңы учур катталып, 4 киши каза болду. Айтор, коронавирус күнүнө адам өмүрлөрүн алууда. Улам коркунуч жакындап келатканы байкалууда.
Өткөн жылдагы каргашалуу июль бул жылы бизге сабак болобу? Эске сала кетсек, өткөн жылы деле республикалык штаб ушундайча канча адам жаңы жуктурганын, канчасы каза болгонун айтып эле отуруп алган. Ошол эле убакта керектүү дары-дармектердин запасын камдап коюуну унуткан эле. Медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттар да жетишсиз экени билинген. Ооруканаларда орундардын тартыштыгын көргөнбүз. Оор абалда барган оорулуулар көчөдө калып калган учурлар болгон. Медиктерге убада кылынган компенсация убагында төлөнбөгөнүн да билдик. Жасалма дем алдыруучу аппараттар тартыштыгы билинген. Натыйжада 2020-жылдын июль айында Кыргызстанда күнүнө 40-50 адам өмүрү менен кош айтышып, элдин эси эки болгон. Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн Чубак ажы Жалилов, Чыныбай Турсунбеков, Бүбүкан Досалиева, Мукар Чолпонбаев сыяктуу инсандар да каза болду. Акча да, атак-даңк да, бийлик да бул илдеттен сактап кала албастыгын сездик.
Өкүнүчтүүсү, Кыргызстан коронавирустан каза тапкандардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Болбосо, күнүнө миңдеген жаңы учурлар катталып жаткан ири өлкөлөрдө калкынын санына жараша салыштыра келгенде, аларда каза тапкандардын саны кыйла төмөнкү деңгээлде болду. Демек, ошондо Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүдө түзүлгөн Республикалык штаб, кыргыз өкмөтү чабал иштеген десек болот. Чабал иштеп гана тим калбай, ар кандай финансылык көз боемочулуктарга да жол берилип кеткенин кийин билдик.
Ошол өткөн жылдагы көрүнүш эми кайра кайталанбайбы? Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун үчүнчү толкуну май-июнь айларында болушу мүмкүндүгүн айтып отурат. Ага чейин эле минтип күнүнө адам өмүрлөрү кыйылууда. Эгер үчүнчү толкун баштала турган болсо, анда дагы канча адамдын өмүрү кыйылышы мүмкүн? Деги өткөн жылдагы шалаакылыктар жоюлдубу? Дары-дармектердин запасы жетиштүүбү? Эмнеге премьер-министр Улукбек Марипов бул темада сөз сүйлөбөй жатат? Өткөн жылдагыдай туура эмес дарылоолор болбойбу? Же уу коргошундун тундурмасы менен эле дарылоого токтолдукпу? Эл азыр өкмөттөн ушул багытта кандай иштерди жасап жатканын уккусу келип турат. Бирок,үн чыгарган жан жок.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн