Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коронавирус күчөп жаткан өлкөдөн келип, аны жашыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

12.03.2020 09:14
1444
Коронавирус күчөп жаткан өлкөдөн келип, аны жашыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат


Коронавирус күчөп жаткан өлкөлөрдөн келип, бирок аны жашырып  кирип кеткен жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындай маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.


"Туура эмес маалымат берип, Италиядан Орусия же Казакстан аркылуу келип, бирок анысын жашырып, ички паспорт менен өлкөгө кирип кеткен жарандар катталган. Андай фактылар билинип калган учурда алар оңой эле табылат жана карантинге жаткырылат. Эгер адамдар билип туруп, атайын ошондой кадамга барса, Кылмыш кодексинин 280-беренесине ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") ылайык жоопкерчиликке тартылат", - деди вице-премьер-министр. 


Мындан сырткары Өмүрбекова жарандарды эң ириде өз өмүрүнө, андан кийин жакындарынын жана башкалардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн