Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлер мейманканаларга жайгаштырылууда

22.04.2020 17:41
986
Коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлер мейманканаларга жайгаштырылууда


Республикалык ыкчам штабдын чечими менен COVID-19 дартынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ишке тартылган медициналык кызматкерлер мейманканаларга жана конок үйлөргө жайгаштырылууда. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.


Тийиштүү чечим обсервациялык пункттарда жана мобилдик бригадалардын курамында иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана ден соолугун сактоону камсыздоо, алардын жашоосу үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында кабыл алынган.


Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар, ысык тамак, транспорт менен камсыздоо маселеси Республикалык штабдын жана жергиликтүү бийлик органдарынын тыкыр көзөмөлүндө турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн