Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирустун очогунда иштеп жаткан дарыгерлердин айлыгына күнүнө 2300 сомдон кошулат

29.04.2020 17:31
1221
Коронавирустун очогунда иштеп жаткан дарыгерлердин айлыгына күнүнө 2300 сомдон кошулат


Коронавирус инфекциясынын очогунда иштеп жаткан дарыгерлердин айлыгына күнүнө 2300 сомдон кошулат. Бул тууралуу 29-апрелде болгон брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова айтты.


Анын айтуусуна караганда үйдөн иштөөгө жиберилген 60 жаштан жогорку жана кош бойлуу ак халатчандардын эмгек акылары өз учурунда толук берилет.

 

"Жалпысынан айтканда, медицина кызматкерлерине акы төлөп берүүдө аларды 3 категорияга бөлдүк. Мисалы, оорунун очогунда иштегендерге күнүнө 2300 сом эсебине түшүп турат, график боюнча иштегендердин 1 саатына 100 сом, орто медициналык персоналга 90 сом, кенже медициналык персоналга 80 сом жана "Тез жардамда" эмгектенген дарыгерлерге 600 сом, "Тез жардам" кызматындагы орто медициналык персоналга 500 сом, кенже персоналга 400 сом бөлүнүп турат", - деди Исмаилова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн