Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирус менен күрөшүү үчүн сырттан келген каражаттарды эч ким уурдап алган жок, - Боронов

02.07.2020 13:46
1186
Коронавирус менен күрөшүү үчүн сырттан келген каражаттарды эч ким уурдап алган жок, - Боронов


Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү жана бюджетти колдоо үчүн сырттан жалпы 291 млн доллар келип түштү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, социалдык тармактарда жана эл арасында Кыргызстанга 400 млн жана 600 млн доллар келип түшкөнү жана аны чоңдор уурдап алганы боюнча айтылып жатат.


"Кыргызстанга түшө турган 408 млн доллардын ичинен 291 млн доллары түштү. Алар бюджетти колдоого жана коронавирус менен курөшүүгө багытталган. Мен премьер-министр катары ал каражаттарды эч ким уурдабаганын айта алам. Биз ага жол бербейбиз. Атайын кызматтар бул багытта иш алып барып жатышат. Жакында бул каражаттар кайда жумшалганы боюнча маалымат беребиз", - деди премьер. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн