Бугу 13, 2024
Убакыт: 12:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Коронавирус менен күрөшүүдө Казакстан үч шаарына үч оорукана курду. Кыргызстанчы? (сүрөт)

27.06.2020 16:42
2179
Коронавирус менен күрөшүүдө Казакстан үч шаарына үч оорукана курду. Кыргызстанчы? (сүрөт)


Казакстандын 3 шаарында оперативдүү түрдө 3 оорукана курулду. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маегинде билдирген. 


Анын айтымында, коронавирус менен болгон күрөш көзөмөлдөн чыгып кетти деген пикир туура эмес. 


"Коронавирус менен күрөшүүдө Нур-Султан, Алмата жана Шымкент шаарларында 3 инфекциялык ооруканалар курулду.  Борбордо курулган медициналык мекеменин жалпы аянты 7 мин чарчы метрди түздү. Анын курулушуна 5,5 млрд тенге жумшалып, эки жума аралыгында тургузулду. Жумушчулар күнү-түнү 3 смен менен иштешти. Клиника 200 орунга ылайкталган, заманбап технологиялар менен жабдылып, медициналык кызматкерлер иштеп жатышат. Башка шаарлардагы жана аймактардагы ооруканалар дагы керектүү жабдыктар менен жабдылган. Дарыгерлер тиешелүү жардам алышкан, учурда алар күнү-түнү пандемия менен күрөшүп жатышат. Ал үчүн мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн" - деген президент. 


Акыркы суткада Казакстанда 569 адамдан коронавирус аныкталган. Бейтаптардын жалпы саны 20319 адамга жетсе, алардын 13 миңге жакыны айыккан. Өлкөдө бул оорудан жалпы 150 адам көз жумган.


Буга чейин Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанга 20 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөрүн билдирген. Анын айтымында, 20 млн доллардын 10 млн. доллары гранттык түрдө, калганы 0,1% менен 40 жылга насыяга алынат. 


Депутат Акылбек Жапаровдун: "Эмнеге 20 млн долларга 20 оорукана куруп койсо болбойт? Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне үчүн мындай сунуш киргизбейт?" - деген суроосуна  Мадемин Каратаев алынган акчалар товардык-транспорттук каражаттарга, лабораториялык материалдарга, унааларга, жана башка керектүү жабдууларга жумшаларын айткан. 


27-июнга карата Кыргызстан боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учур катталды. Муну менен республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 4513 болду. Коронавирус аныкталгандан кийин 46 адам каза болгон.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Dremas
Хотя бы в столице одну больницу строить нельзя?