Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 04:17
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Коронавирус менен ооругандар донор боло алабы?

Коронавирус менен ооругандар донор боло алабы?

Оорунун оордугуна жараша, айыккандан кийин 30дан 120 календардык күнгө чейин кан тапшырууга тыйуу салынат. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун медициналык иштери боюнча директордун орун басары- Сатыбалдиева Айганыш брифинг учурунда айтып берди. 

 

Анын айтымында, жаңы коронавирустук инфекциянын  жеңил түрү менен ооругандар сакайгандан кийин 30 күндөн кийин кайрадан кан тапшыра алышат. 

 

Жаңы коронавирус инфекциясынын орто жана оор формасы менен ооругандарга кан жана анын компоненттерин тапшыруу алты айга токтотулат. 

 

«Эгерде сиз эмне кылуу керек - кан тапшыруубу же эмделүүбү деген суроого жооп таппай жатсаңыз анда биз экөө тең деп жооп беребиз! 

Бирок туурасы төмөндөгүдөй. Донордук канга медициналык мекемелер дагы деле абдан муктаж, ошондуктан эмдөөнү пландаштырам деп эле кан тапшыруудан көпкө баш тартпашыңыз керек», - деп белгиледи Сатыбалдиева Айганыш. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн