Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирус менен ооруканада жатып дарылануу 3 миңден 132 миң сомго чейинки каражатты түзөт

18.06.2020 14:30
950
Коронавирус менен ооруканада жатып дарылануу 3 миңден 132 миң сомго чейинки каражатты түзөт


Коронавирус инфекциясын дарылоо менен байланышкан госпиталдаштыруулар үчүн акы төлөөнүн өлчөмү тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.


Алардын билдирүүсү боюнча, симптомсуз форма – 3030 сом, оорусу жеңил даражадагы бейтаптар үчүн – 3500 сом, орто даражадагылар үчүн – 10 миң 817 сом, оорусу оор даражадагы бейтаптар үчүн – акы төлөө суммасы 70 миң 427 сом жана өтө оор даражадагылар үчүн – 132 миң 837 сом.


Мындан тышкары, контактта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн ооруканаларга акы төлөөгө 1742 сом каралган.

Басма сөз кызматы билдиргендей, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте COVID-19 илдети менен ооругандарды дарылоо жана контактта болгондорго байкоо жүргүзүү менен байланышкан дарыланып чыккан учурлар үчүн акы төлөө өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыкты.

Ага ылайык, коронавирус менен ооруган бейтаптардын илдетинин канчалык деңгээлде оор экендигин (жеңил, орто, оор жана өтө оор) жана контактта болгон адамдардын обсерваторлордо болгон күндөрүнүн узактыгын эске алуу менен эсептелди.

Эгерде мурда дарылоонун наркы ыкчам маалыматтарга жана ДССУнун сунуштарына ылайык эсептелген болсо, акы төлөөнүн өлчөмү лабораториялык ПЦР изилдөөгө кеткен чыгымдарсыз эсептелип, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана эмгек акыга кеткен чыгымдар киргизилген жок.

COVID-19 диагнозу тастыкталган бардык оорулууларды дарылоо, ошондой эле контактта болгондорго байкоо жүргүзүү социалдык статусуна жана жарандыгына карабастан толугу менен акысыз.

Айта кетчү нерсе, COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптар үчүн акы төлөө ММК фонду тарабынан, саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетинен тышкары кошумча төлөнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн