Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавирус пандемиясы былтыркыдан да оор болушу мүмкүн

14.01.2021 10:47
754
Коронавирус пандемиясы былтыркыдан да оор болушу мүмкүн


Коронавирус пандемиясынын экинчи жылы биринчи жылга караганда кыйыныраак болушу мүмкүн. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан түз эфирде билдирген. Бул тууралуу РБК агенттиги жазып чыкты.


"Биз коронавирус илдети менен чогуу экинчи жылды баштап жатабыз жана анын жайылуусун, биз байкаган айрым көйгөйлөрдү эске алганда быйылкы жыл былтыркыдан дагы кыйын болуп калышы мүмкүн", - деген Райан.


Мындан тышкары Райан акыркы эки жумада уюмга келип түшкөн маалыматтар оорунун кайрадан жогорку чегине жеткенин айгинелейт деп баса белгиледи. Анын айтымында, учурда Түндүк Америка жана Европа коронавирустан катуу жапа чегүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн