Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Коронавирус пандемиясы ири державаларды да чөгөлөттү

27.04.2020 11:36
600
Коронавирус пандемиясы ири державаларды да чөгөлөттү


Дүйнөнүн 180ден ашуун мамлекетин каптаган COVID-19 пандемиясы Кыргызстанга да келип, өз залакасын кадимкидей тийгизүүдө. Күнүмдүк тамак-ашын таап, оокатын өткөрүп келген карапайым адамдардын жашоосуна байкалаарлык оорчулук келип калды. Өлкө экономикасы дагы зыянга учуроодо. Бул апаат оору менен күрөшүү үчүн дүйнөнүн баардык мамлекеттери өтө ири суммадагы каражаттарын бөлдү. Миллиарддаган, триллиондогон акча  бөлүнгөнүн маалымат булактарынан окуп, билип жатабыз. 


Ошого карабастан бул вируска чалдыккандардын санын токтотуу мүмкүн болбой жатат. Медицинасы эң эле мыкты деп эсептелген, экономикасы өтө өнүккөн Америка Кошмо Штаттары да коронавирустун алдында алсыз болуп чыга келди. Бул илдетке чалдыккандардын саны боюнча да, андан каза болгондордун саны боюнча да биринчи орунга чыкты. 


Экономикасы күчтүү деп эсептелген Германия, Франция, Испания, Италия, Россияда да бул илдетке чалдыккандардын саны улам өсүп, каза болгондор да арбын болууда. Демек, бул илдетке каршы күрөштө сын тагып гана отура берүү орунсуз десек болот. Биздин өлкөдө айрым «сыңар өтүгү майрык» сынчылар өлкө бийлигин, өкмөттү чабал иштеп жатат кыязында сындап келишет. Экономикалык жактан жогоруда аталган өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла аркада болгонубузга карабай, коронавирус менен күрөшүүдө, аны жайылтпоо багытында жасалып жаткан иш-аракеттер Кыргызстанда жакшы деңгээлде болуп жатканын белгилеп коюу керек. Бул илдетке чалдыккандардын жарымысынан көбү сакайып үйлөрүнө чыгышты. Акыркы күндөрдө жаңы катталган учурлардын басаңдаганы байкалууда. Демек, биз бул вирусту жеңе алабыз, ал үчүн мындан ары да биримдикте, ынтымакта болуп, тартипти бекем сакташыбыз керек.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн