Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Коронавирус пандемиясы сөз эркиндигин биротоло чектеп койбойбу?

24.04.2020 11:44
730
Коронавирус пандемиясы сөз эркиндигин биротоло чектеп койбойбу?


Дүйнөлүк апаат болуп жаткан коронавирус пандемиясы пайда болгондон бери бир катар мамлекеттерде цензура күчөтүлүп жатканын белгилеп жана ал сөз эркиндигине да коркунуч туудурууда деп чыкты «Чек арасыз репортерлор» (RSF) эл аралык уюму. Эксперттер өзгөчө абалдан пайдаланып бийликтегилер маалымат каражаттарынын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп алышат деп кооптонушууда. Андан да кооптуурагы бир катар мамлекеттердин бийлиги күчөтүлгөн цензураны пандемия аяктагандан кийин да калытырып коюлары мүмкүн. Ал эми Кыргызстандачы?


Жогоруда аты аталган эл аралык уюмдун жыл сайын дүйнөнүн 180 мамлекетиндеги сөз эркиндигинин абалына баа берип келатканы белгилүү. Жакында эле, тактап айтсак 21-апрелде уюм өзүнүн рейтингин жаңылады. Бул ирет Кыргызстан бир тепкичке жогору көтөрүлүп, 82-орунду ээледи. Жаман эмес, бирок мындан да жакшы көрсөткүчкө жетишсек болмок.


Уюмдун докладында Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн маалыматтарды алууда тоскоолдуктар бар деп айтылат. Анан дагы иликтөө жүргүзгөн журналисттин артынан куугунтуктоолор, күч колдонуулар жана суракка алуулар болуп жатат деп белгилейт.  Ошондой эле сөз эркиндигин жакшыртуу үчүн президенттин өзгөчө коргонуусун алып салуу жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу зарылчылыгын кошумчалаган. Албетте, «Чек арасыз репортерлордун» бул берген баасы өткөн 2019-жылдагы абалга карата. Ал эми коронавирус эпидемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режиминде сөз эркиндиги сакталып жатабы?


Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан тарта Кыргызстандын айрым шаарлары, облустары жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилген. Коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб журналисттерден жана блогерлерден вирус тууралуу маалымат таратууда расмий булактар берген фактыларга гана таянууну талап кылды. Өзгөчө абал менен бирге журналисттерди аккредитациялоодон баш тартышты. Ошону менен бирге мамлекетте фактыларды алуу үчүн жүрүүгө да тыюу салынды. Ошентип маалымат таратуу укугуна Республикалык штаб жана региондордун комендатуралары гана укуктуу болду. Мунун баары ачык цензуранын белгилери болуп саналарын танууга болбойт. Бийлик журналисттердин иштөөсүнө өздөрүнүн гана маалыматын пайдаланууну таңуулоо менен барабар. 

 

Эркин маалымат алуу максатында журналисттер социалдык түйүндөрдөн жана интернет-каналдардан маектерди алып, блогерлер жана окурмандардын оозу менен репортаждарды да жасашты. Бирок, муну да бийлик ыкчам түрдө жаап салды. 


УКМК интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларына бийлик тарабынан расмий айтылбаган коронавирус тууралуу кандай гана башка маалымат болбосун «өтө катаал чаралар» көрүлө турганын эскертти. Айткандай эле чаралар көрүлдү, көрүлүп да жатат. 


Бир нече күн катары атайын кызмат жалган маалымат тараткандыгы үчүн видеокамеранын алдында элден кечирим сурагандарды чыгарып турду. Алардын арасында чындап эле фейк маалыматтарды тараткандар, элди дүрбөлөңгө салгысы келгендер, ошол эле учурда коронавирустан сактануу үчүн жетишээрлик жеке коргоочу каражаттардын тартыштыгын айтып чыккан медицина кызматкерлери да болду. Медицина кызматкерлерин да кечирим суратуулар болуп жатканына коомчулукта нааразычылыктар да жаралды. 


«Аль-Жазира» эл аралык телеканалы Кыргызстанда врачтар үчүн коргонуу каражаттары жетишпей жатканын айткан врачтарды жана жарандарды зордоп кечирим суратып жатканы боюнча атайын сюжет да даярдады. Баса, айрым облустарда коронавирус илдетине чалдыккандар тууралуу айрым маалыматтар жалган эмес, чын болуп чыкканын да айтып коюшубуз керек.


Албетте, бийликтин бул аракеттери коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды жайылтпоого көрүлгөн чара болсо жакшы, бирок жалпы эле журналисттердин ишмердүүлүгүн чектеп коюу вирус менен күрөшүүдө жакшы жемиш деле бербей турганын аңдаш керек болчу. Бийлик муну акыры түшүнүп, 20-апрелден тарта журналисттер үчүн аккредитация ачты. ММКлар ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн өткөрмө кагаздарын алышты. 


Баса, дагы бир жагдай, 1-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, өзгөчө абалдын режимин бузууларга карата жоопкерчиликти катаалданткан бир катар өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Анын ичинде бузуулар тууралуу Кодекстин 82-беренесинин жоопкерчилиги да катаалданды. Анда өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же аскердик абал жарыяланган аймактарда коомдук тартипти бузгандар, такталбаган маалымат тараткандарга мурдагыдай 2-категориядагы айып пул эмес (жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом), эми 3-категориядагы (жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 сом) айып пул каралды. 


Ал эми укук коргоо органдары тарабынан жалган маалымат таратты делип кармалган айрым жарандарга кылмыш иштери да козголду. Мисалы, Беловодское айылынын 27 жаштагы жашоочусуна Кылмыш кодексинин 344-беренеси («Кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат таратуу») менен иш козголду. 


Көптөгөн өлкөлөрдө пандемиянын арты менен мыйзамдары катаалданууда. Ал тургай бийликке сын айткан маалымат каражаттары, телеканалдарды да өзгөчө абалдын арты менен жаап жаткан көрүнүштөр болууда. Бизде азырынча андай абал жок. Болгону өзгөчө абалдан пайдаланып көзү менен көрүп турган чындыкты айта салган медиктерге карата жасалып жаткан мамилелер сөз эркиндигине кооптонуу жаратып жаткан сыяктуу.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн